Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Бекназаров: Президент биз менен кызматташып жатат


Азимбек Бекназаров. 16-январь, 2020-жыл.
Азимбек Бекназаров. 16-январь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков алар менен кызматташып жатканын билдирди.

Ал буга чейинки өлкө башчылар башкалардын ою менен эсептешпей келгенин айтып, элчилик кызматка барууга эмне үчүн макул болгонун түшүндүрдү.

- Президенттин сунушун кабыл алууга эки себеп болду. Ал «үй-бүлөлүк башкарууну сындырам» деп жатат. Мындан тышкары ал Кудайдан коркот. Экинчиден, саясаттан алыстап элчи болоюн дедим. Бирок саясаттан таптакыр кетпейм, - деди Бекназаров.

Саясатчы 16-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков авторитардык бийликке каршы чоң иштерди жасады деп эсептей турганын кошумчалады.

Бекназаров былтыр 26-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Аны бул кызматка өзү сунуш кылганын президент Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурган акыркы басма сөз жыйынында айткан.

Бекназаров буга чейин башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген. (MiK)

XS
SM
MD
LG