Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Пакистан: христиан аялдын бошотулушуна каршы акцияга чыккандар соттолду


Асия Биби
Асия Биби

16-январда Пакистан соту христиан аялдын түрмөдөн бошотулганын каршы нааразылык акцияга чыгып, башаламандык уюштурган деген шек менен камакка алынган 86 адамга өкүм чыгарды. Алардын баары биригип, жалпысынан 55 жылга эркинен ажыратылды.

Беш баланын энеси, 55 жаштагы христиан аял Асия Биби «пайгамбарга акарат келтирген» деп айып менен 2009-жылы камакка алынган жана райондук сот өлүм жазасына өкүм кылган. 2017-жылы Жогорку сот христиан аялды актап, абактан бошоткон.

Асия Биби былтыр Канадага учуп кеткен. Бул өлкөдөн Бибинин эки кызы башпаанек алган.

Христиан аялдын акталып, бошотулушуна каршы болгон ашынган динчилдер бир канча шаарда нааразылык акцияларын уюштуруп, полиция менен кагылышкан жана ал Карачи, Лахор шаарларында башаламандык менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG