Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ошто кылмыштуу топтун «Казак» атыккан мүчөсү кармалды


«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов (Сүрөт: Ош шаардык милициясы).
«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов (Сүрөт: Ош шаардык милициясы).

17-январда Ош шаардык милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовду кармады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, «Казактын» мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековдун сабалышына тиешеси болгону аныкталды.

- 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичирайонунда «Народный» дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысынын алкагында жүрүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам жол менен алынган далилдердин натыйжасында бул жаран кармалып, бүгүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Сыдыковдун билдиргенине караганда, 11-январдагы окуяда жабырлануучу акчасын жана травматикалык тапанчасын тонотуп жиберген. «Карактоо» беренеси менен иш козголгон. 16-январда бул иштин алкагында Өзгөн жана Алай районунун эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Экс-мэр Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбеков 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда сабалган. Ал жаагы сынып, эриндери жырылып, оор абалда облустук ооруканага түшкөн.

Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктоо үчүн шектүү катары кармалган.

Ушул жылдын 8-январында Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Маратовду үй камагына чыгарып жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова 17-январда мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. (DU)

XS
SM
MD
LG