Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Шифф: Трамптын жоопкерчилиги келечекке таасир этет


Адам Шифф.
Адам Шифф.

АКШда демократтар президент Трампка коюлган дооматтар келечек үчүн кооптуу экенин эскертишүүдө. Өкүлдөр Палатасындагы демократтардын өкүлү, айыптоочу Адам Шифф эгер президент Трамп соттолбосо, бул башка да болочок президенттерге таасир этерин эскертти. Ал бул тууралуу 22-январда Сенаттын жыйынында айтып, кийинки президенттер да өздөрүн мыйзамдан өйдө коё баштай турганын айтты:

- Президент өз бийлигинен кыянаттык менен пайдаланышы жана Конгресстин ишине бут тосушу биздин бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты биротоло жок кылат жана кийинки президенттерге да мыйзамдан тышкары, Конгресстин көзөмөлүн көзгө илбей өз билгенин кылууга жол ачат.

Сенаттагы сотто Өкүлдөр Палатасынын айыптоочулары өз жүйөлөрүн айтышууда. Аларга бул үчүн эки күндүк мөөнөт берилген. Ушундай эле убакыт Трамптын адвокаттарына да аны актоо үчүн берилет.

АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча соттук териштирүү Сенатта 21-январда башталган. Демократтар аны украин президентине басым кылуу менен АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенген деп айыпташууда. Президент Трамп мунун баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG