Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү  


Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ал штабдын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен байланышып, ыкчам маалымат алмашып турушат.

Кыргызстанда Кытай аймагында чыккан коронавирус учурлары катталган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрынан тарта жаңы вируска чалдыгуунун биринчи учурлары катталгандан кийин эле адистер тийиштүү алдын алуу жана даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Коронавирустун алдын алуу үчүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин аныктоо үчүн дене табын өлчөөчү жабдыктар орнотулду. Санитардык-карантин пунктунун адистери бул жабдыктар менен Кыргызстанга Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келгендерди текшеришүүдө.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында коронавирус аныкталган шартка даярдалып, атайын үч палата орнотулду. Дарыгерлер үчүн зарыл болгон коргоочу каражаттар сатып алынды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы мекендештерди жана коңшу өлкөгө барууга камынып жаткан жарандарды сак болууга чакырып, сунуш кылынган чараларды, анын ичинде коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө колдонуу керектигин эскертет.

Буга чейин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кытайдан эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан өлгөндөрдүн жана жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Францияда жана Австралияда да бул илдетти жуктуруп алгандар катталды.

25-январдагы маалыматка караганда, Кытайда жаңы вирустан өлгөндөрдүн саны 41ге жетип, 29 провинцияда 1287 киши жуктуруп алганы белгилүү болду. Алардын ичинен 237 бейтаптын абалы оор.

XS
SM
MD
LG