Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 13:49

Ошто «Бандит» рейди өттү, 16 адам милициянын көзөмөлүндө


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы «Бандит» деген рейд уюштуруп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 адам менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу 27-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «жетекчилик бир да кылмыштуу топтун мүчөсүнүн ээн-эркин кылмыш кылып жүрүшүнө мүмкүнчүлүк бербеш керек экенин өздүк курамга катуу эскертти».

- Ош шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө орун жок, - деди шаардык милициянын башчысы Муратбек Боронов.

Расмий маалымат боюнча, ИИМдин атайын тизмесинде Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 34 киши турат. Алардын бирөөнүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш уланууда. 2019-жылы 16 мүчөсүнүн үстүнөн 23 ирет кылмыш иши тергелген (айрымдарынын үстүнөн бир нече жолу).

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам каттоосунда жалпы республика боюнча 421 мүчөсү менен үч уюшкан кылмыштуу топ бар экени 2019-жылдын декабрында расмий айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ошто кылмыштуулук нормага айланып баратканын сындаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG