Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:31

Арслан Капай уулунун «Мисмилдирик» романы түркчөгө которулду


Арслан Капай уулу Койчиев.
Арслан Капай уулу Койчиев.

«Мисмилдирик» («Беделдеги каргыш») романы «Bedel gecidindeki lanet» деген аталышта түрк тилине которулду. Чыгарманы кыргыз тилинен белгилүү кыргыз таануучу Огуз Алпарслан Чатал оодарган. Китепти Түркиядагы «Bengu» басмаканасы басып чыгарды. Бул тууралуу жазуучу Арслан Капай уулу «Азаттыкка» билдирди:

- Мага которулган китептин өзүн салып жиберишти. Романдарым буга чейин да түрк тилине которулган. Учурда англис, казак жана өзбек тилдерине которулуп жатат.

Жазуучу, публицист, журналист Арслан Капай уулунун дагы эки: «Айта бар менин кебимди» жана «Бакшы менен Чыңгызхан» («Жолдош Избасаровдун жоголгон дептерлери») аттуу романдары бар. Аталган чыгармалары экөө тең Кыргызстанда өткөн жазуучулардын «Арча» сынагында баш байгелерге ээ болушкан.

«Мисмилдирик» романы өткөн айда Катарда өткөн байыркы эл аралык китеп көргөзмөсүнө да катышып, окурмандардын кызыгуусун жараткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG