Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин финансылык жана башка байланыштары жок деп эсептейт.
Ал бул тууралуу 31-январда кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү, анын Кыргызстандын аткаминерлери менен байланышы, ага кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши жана башка маалымат каражаттарына жарыяланган жагдайлар боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында айтты.
- Чет өлкөгө которулган акча кыйыр түрүндө Райымбек Матраимовдуку деген сөздөр болгон. Ошондуктан бул иликтөө саясий буюртма болгонбу, журналисттик этика сакталганбы - ушуга баа берсеңиздер, - деди Канатбек Азиз.
Комиссиянын жыйынына «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева да катышып, суроолорго жооп берди. Касмалиева депутаттардын суроолоруна жооп берүүнүн алдында журналисттик иликтөөлөрдүн маңызын кыскача түшүндүргөн. Анда Касмалиева «Азаттыктын» жана өнөктөштөрдүн биргелешкен иликтөөлөрү Кыргызстандын бир топ мамлекеттик органдарындагы туташ коррупциянын бетин ачканын белгиледи.
- Чет өлкөлүк ишкер адегенде кыргыз бажысындагы байланыштарын пайдаланып, миллиондоп пара берүү жолу менен ишмердик жүргүзгөн. Бажынын ошол убактагы Оштогу жетекчиси, кийинчерээк төраганын орун басары болгон Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго которулган бир нече миллион долларга башкача түшүндүрмө жок. Акчаны Айеркен Саймаити Абдукадырдын буйругу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» которгонун ырастайт, - деди «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси.
Касмалиева журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жүргүзүп жатышканын белгиледи.
- Бийлик, президент ар дайым коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин жана алардын иликтөөлөрү абдан маанилүү экендигин белгилеп, маалымат каражаттарын жардамга чакырып келет. Биз элдин үнүн угуп, президенттин ошол чакырыгына жооп берип жатабыз. Журналисттер бул иликтөөнү керт башынын жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келип жатканына карабай жүргүзүп жатышат. Урматтуу депутаттар, андан ары ишти аягына чыгаруу бийликтин, силердин колуңарда! - деди Касмалиева.
Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов жана анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийин соттук отурумда Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон материалдык доосунан баш тартты. (BTo)