Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

АКШга кетүүнү каалагандар Тышкы иштер министрлигине кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-февралда Бишкектеги Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына АКШнын грин-карт лотереясын утуп алып, бирок бул өлкөгө кете элек адамдардын тобу чогулду. Алар министрликке визалык чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесинен чыгуу үчүн аракет көрүүгө чакырган кайрылуу тапшырышты. Чогулгандардын бири Марлис Чороновдун айтымында, кайрылуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун атына жазылган:

- Тышкы иштер министри Айдарбековдун дарегине жазылган катты тапшырып чыктык. Биз жыл сайын АКШнын визалык лотереясынан утуп жүргөн 1500ге жакын адамдын атынан кайрылып жатабыз. Дональд Трамптын буйругу 21-февралда күчүнө кирет экен. Ошондуктан министрлик бул тизмеден Кыргызстанды чыгаруу боюнча ыкчам аракеттерди көрүшүнө эки апта эле калды.

Кыргызстандын АКШнын иммиграциялык визалык кара тизмесине кирүүсү тууралуу маселе 3-февралда Ташкенде АКШнын мамкатчысы Майк Помпео менен өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун жолугушуусунда каралганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Анда тараптар визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашкан.

31-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы алты мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон кабыл алган чечим расмий Бишкекти өкүнткөнүн жана бул кадам эки мамлекеттин ортосундагы алакага сезилерлик зыян тийгизгенин билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG