Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Таласта Жерүйдүн тегерегиндеги абал талкууланып жатат


Жерүй кени.
Жерүй кени.

Талас шаарында бүгүн “Жерүй көйгөйү жана чечүү жолдору” деген аталышта талкуу өтүп жатат.

Жыйынга өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, инвестор компаниянын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Буга чейин айрым жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер Жерүй алтын кенин элге, мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрүп чыгышкан.

Жерүйдө 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. 1992-жылдан бери аны иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашты. Акыркы жолу кыргыз өкмөтү 2015-жылы Жерүйгө жаңы аукцион жарыялап, соңунда орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы жеңген. Келишим боюнча Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок.

“Востокгеолдобычанын” алдында “Альянс Алтын” ишканасы түзүлүп, учурда Жерүйдү иштетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып келет. Бирок өкмөт менен түзүлгөн келишимге ылайык, кенди иштетүү мөөнөтү кечеңдегени үчүн “Альянс Алтын” ишканасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке караштуу атайын комиссия былтыр жыл башында айыпка жыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG