Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:46

Путин менен Лукашенко мунай баасы боюнча мунаса тапкан жок


Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолугушуу маалында. 7-февраль, 2020-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Беларустун президенти Александр Лукашенко 7-февралда Сочиде жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосунда мунайдын баасы боюнча түшүнбөстүк жана АКШ менен Беларус ортосундагы жанданган мамиле жөнүндө сөз болду.

Жолугушуудан бир күн мурда беларус президенти Александр Лукашенко өкмөттүн жыйынында мунай баасы боюнча Орусиянын сунушуна нааразы экенин билдирген.

Эки президенттин жолугушуусунун жыйынтыгында Орусия Беларуска мунайды арзандантпай турганы белгилүү болду.

Жолугушуудан соң Путиндин администрациясынын башчысынын орун басары Дмитрий Козак Орусия Беларуска чийки мунайды базар баасында сата турганын билдирди.

Ал эми табигий газдын баасы былтыркыдай эле 1 миң кубометри 127 доллардан сатыларын Козак жарыялады. Кремлдин өкүлү "эки өлкөнүн интеграциясы боюнча сүйлөшүүлөр улантылат" деп кошумчалады.

Беларусту 25 жылдан бери башкарган Александр Лукашенко акыркы мезгилде мунай баасына байланыштуу Орусияны сындап келет.

Өткөн жылдын декабрында эки өлкөнүн президенти Орусия менен Беларусту “союздук өлкө” деп жарыялаган келишимди аткаруу үчүн “жол картасына” кол коймок. Бирок Лукашенко буга каршы чыкканы белгилүү болгон.

Беларустун маалымат каражаттарынын жазышынча, Орусияда мунай баасынын кымбатташы жана субсидиялардын кыскартылышынан улам Минск 300 миллион доллар чыгымга учураган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG