Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Казакстандагы жаңжалдан кийин Кыргызстанга 4500дөй адам өткөнү кабарланууда


"Кең-Булуң" өткөрмө бекети. 8-февраль, 2020-жыл
"Кең-Булуң" өткөрмө бекети. 8-февраль, 2020-жыл

Өкмөттөгү булактардын маалымдашынча, бүгүн, 8-февралда кыргыз-казак чек арасынан Кыргызстандын аймагына 4500дөй киши өттү. Жакынкы күндөрү бул сан дагы өсүшү мүмкүн.

Маалыматты атайын органдар тастыктай элек.

Казакстандын чек арага жакын Кордай районунда ишембиге оогон түнү сегиз адамдын өмүрүн жаңжалдан кийин Кыргызстан тарапка келгендер негизинен "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекетинен өтүшкөн.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Кордайдан Кыргызстандын аймагына киргендер көбөйгөнүн, алар тепловизор аркылуу коронавируска текшерилгенден кийин гана өткөрүлүп жатканын билдирген.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келгендердин көбү аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Кордайдагы чыр, чек арадагы кезек
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00

Кыргызстанга өткөндөрдү жергиликтүү тургундар тосуп алып, тамак-аш, суу берип жатышат. Ошондой эле алар Казакстандан келгендерди мечиттерге жана үйлөргө жайгаштырып жатышканы маалым болду.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан сегиз адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургымбаевдин айтымында, эки полиция кызматкери октон жараат алган.

30дан ашуун турак үй, 15 имарат жана 23 автоунаа талкаланган. Кырдаалды курчутууга шек саналып 90дой адам кармалды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир нече айылда орун алган тургундар ортосундагы жапырт мушташты чагымчылдар колдонуп кеткенин белгилеген. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт. Токаевдин буйругу менен Казакстанда жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы тарабында жайгашкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG