Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Алайдагы көмүр кенине каршы митинг


Көмүр казууга каршылык билдирип чыккан эл. 10-февраль, 2020-жыл.
Көмүр казууга каршылык билдирип чыккан эл. 10-февраль, 2020-жыл.

Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат.

Алайдан көмүр казууга белсенип жаткан «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому жаратылышты бузбай, кенди чалгындоого алган уруксаты бар экенин айтып жатат.

Көмүр казууга каршылык билдирип чыккан Согонду айылынын тургундары жергиликтүү бийликке жана аймактан кен чалгындоону баштаган ишканага жумушун токтотууну талап кылышты. Алар кен казуу ишканасына экологияны булгап, жайыттын кыртышын бузат деген кине коюп жатышат. Алай районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Бактыбек Арынбаев буларды айтты:

«Көмүр казылса эле бардык жер жакшы болуп кетпейт. Жердин астында канчалаган зыяндуу заттар бар. Адегенде элге зыян болот, экология бузулат. Биздин эл мал чарбасы менен жан багат. Азыр “көмүр казабыз” деп жаткан жер биздин жайлообуз. Бул аймакта биз мал багабыз. Эл буга чейин жыйналыш өткөрүп, Алай районунун акимине, Ош облусунун жетекчисине кат жолдогонбуз. Бирок каттын жообуна карабай “Бикипинг” ишканасы өз билгенин кылып жатат.

«Бикипинг» ишканасы орноткон эки контейнер
«Бикипинг» ишканасы орноткон эки контейнер

Тайгак-Таш аймагындагы 120 гектарга жакын аянтты ээлеген көмүр кенин «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому изилдеп жатат. Ишкананын өкүлдөрү ушул жылдын 8-февралында Тайгак-Таш аймагында ишин баштап, адам жашоого ылайыкталган эки контейнерди жергиликтүү тургундун менчик жерине орноткон. Мындан улам жер ээси Дурусбек Апиев «Бикипинг» ишканасынын жетекчилигин айыптап милицияга кайрылганын, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын билдирди.

Дурусбек Апиев
Дурусбек Апиев

«Бул - менчик жер. Көмүр казган ишкана эч кимден сурабай туруп адегенде жерди сүрдүрүп, түн ичинде контейнер орнотуп кетиптир. Эскертүү бергенибизге карабай ишин уланта беришти. Анан мен милицияга кайрылдым. Милициядан менин арызым катталганы тууралуу маалымкат келди. Бул ишкана мыйзамды бузду».

«Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коомуна Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кенди чалгындоого үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат берген. 2019-жылдын 13-июнунда кайра каттоодон өткөн «Бикипинг» ишканасынын өкүлү Мустафа Турганбаев Алайдын Согонду айылындагы көмүр кенин чалгындоодо мыйзамдуу иш алып барып жатканын билдирди.

«Бизде көмүрдү чалгындоого гана уруксатыбыз бар. Ал аймактан көмүрдү казып сатууга уруксат кагаз берилген эмес. Биз экологияны бузбайбыз. Тайгак-Таш аймагында көмүр барбы же жокпу, ошону гана аныктайбыз. Эгерде көмүр бар болсо элге, айлана-чөйрөгө зыян келбегендей кылып жабык түрүндө казып алабыз. Биз мыйзамдуу иштеп жатабыз. Бардык тиешелүү салыктар, мамлекетке төлөнчү акча төлөнгөн. Бирок бизге жергиликтүү эл тоскоол болуп жатат. Мыйзамдуу мамлекетте жашап жаткандан кийин мыйзам чегинде иш кылганыбыз туура болот.

Тайгак-Таш көмүр кени
Тайгак-Таш көмүр кени

Көмүр казууга каршы чыккан элге Алай районунун акими Замир Молдокулов келди. Ал райондук деңгээлде комиссия түзүлүп, Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга байланышкан бардык ишти териштирип жатканын айтты.

Замир Молдокулов
Замир Молдокулов

«Райондо түзүлгөн атайын комиссия иштеп жатат. Алар корутундусун чыгарсын. Ошого карап иш жасайлы. Экологияга канчалык зыяны бар, сууга, жолго жакын деп жатышат. Комиссиянын корутундусунда кен чалгындоо ишканасынын терс жактары аныкталса, алардын лицензиясын кайтарып алуу жагын караштырабыз. Бизге бүгүн эл талап коюп жатат. Эл - бул мамлекеттин байлыгы. Адегенде элдин талабын аткарышыбыз керек. Ишкана бирөөнүн менчик жерине контейнер койгону мыйзамсыз. Бул элдин нааразылыгын жаратты».

Чогулган эл менен район акиминин сүйлөшүүсүнөн кийин «Бикипинг» ишканасынын өкүлдөрү орноткон эки контейнерди алып кетишти. Нааразы болгон жергиликтүү тургундар үйлөрүнө тарады. Кен казуу ишканасынын өкүлү Мустафа Турганбаев кен чалгындоону убактылуу токтотуп турганын билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Алай районунда кен иштетүүгө лицензия алган 62 ишкана бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG