Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Кордайдагы окуяларга байланыштуу 25 кылмыш иши козголду


Масанчи кыштагындагы өспүрүмдөр, 8-февраль, 2020-жыл.
Масанчи кыштагындагы өспүрүмдөр, 8-февраль, 2020-жыл.

Казак бийлиги 7-8-февралда Кордай районунда 10 киши каза таап, ондогон адам жараат алган тополоңду иликтөө үчүн 25 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу Сортөбе айылында уюшулган маалымат жыйынында Казакстандын вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев билдирди.

«Массалык башаламандык, башаламандыкка чакыруу, адам өлтүрүү, бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мүлктү жок кылуу, мыйзамсыз курал-жарак жасоо» деген негизде тергөө иштери башталды.

Сапарбаев ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Башкы прокуратура мекеме аралык ыкчам тергөө тобун түзгөнүн билдирди. «Эң башкы тапшырма – уюштуруучуларды, козуткандарды, чагымчылдарды жана айыптууларды табуу», - деди Сапарбаев.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан көп турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн. Дүйшөмбүдө президент Касым-Жомарт Токаев Кордай району жайгашкан Жамбыл облусунун акиминин орун басарын жана облустук полициянын башчысын кызматтан алууну тапшырды.

Тополоң чыккан бул айылдар Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. Кыргыз расмий органдары 4 жарым миңдей киши чек арадан өтүп келгенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG