Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Эки президент Кордайдагы абалды талкуулады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, 27-ноябрь, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, 27-ноябрь, 2019-жыл.

Кордай районундагы кырдаалдан улам Кыргызстанга качып өткөн казак жарандарынын айрымдары мекенине кете баштады. Ал эми бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады.

10-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады. Президент Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

"Абал күч органдарынын көзөмөлүндө"

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы миңден ашуун киши үйлөрүнө кеткенин 10-февралда кабарлады. Ал тапта Казакстанга кайткандардын арасында коопсуздуктан улам кайра Кыргызстанга келгендер бар экени айтылууда. Кыргызстандык активисттер аларга гуманитардык жардам чогултууну улантып жатышат.

8-февралда Кордай районундагы тополоңдон соң Кыргызстанга качып өткөн Келиме 10-февралда Казакстанга жөнөп кетти. Ал кыштагында абал тынч, жагдай күч органдарынын көзөмөлүндө экенин айтууда:

«Кыргызстандагы туугандардын үйүндө эки күн болдук. Эми кайтып жатабыз. Казакстанда үй-жайыбыз күйүп кетти. Аны оңдоп-түзөш керек. Баары тынч деп айткандыктан үйгө жөнөдүк. Жашоо улана берет эмеспи».

Келиме менен кошо келгендердин кээ бири азырынча Кыргызстанда - туугандарынын, тааныштарынын үйлөрүндө баш калкалап отурушат. Айрымдары Казакстанга өтүп, бирок кайра Кыргызстанга келгенин билдиришти. Бирок муну микрофонго ачык айтып берүүнү каалашкан жок.

«Ал жакта күйүп кеткен урандыларды көрүп коркосуң. Айрыкча балдар үчүн өтө коркунучтуу. Ошондуктан азырынча кайра Кыргызстанга келип, туугандардын үйүндө жашап туралы деп чечтик»,- деди 40 жаштардагы аял.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева казак тараптан келгендердин агымы азайып, үйүнө кайткандар көбөйгөнүн билдирди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жагдайга байланыштуу «Азаттыкка» мындай комментарий берди:

«Келген адамдардын канчасы калды, канчасы кетти - муну азыр так айта албайм. 18 киши ооруканага жаткырылган болчу. 9-февралда Казакстандын вице-премьер-министри чек ара аймактарына келди, саламаттык сактоо министринин орунбасары келип, Кыргызстанда ооруканада жаткандардын 12син алып кетишти. Алтоо «кетпейбиз» деп коюшкан. Бир-экөө бүгүн чыгат. Азыркы жагдай ушундай».

39 адам Казакстанда ооруканада экенин «Азаттыктын» казак кызматы кабарлаган.

Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.
Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.

Буга чейин Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараев Кыргызстандын аймагына 4 миңдей адам өткөнүн билдирген. Ал эми өкмөттөгү ишенимдүү булактар Казакстандан 4500дөн ашык адам келгенин кабарлаган болчу.

Кыргызстандагы дунган диаспорасынын өкүлү Рамазан Бешало болсо 5000дей киши, негизинен аялдар, балдар, кары-картаңдар качып келгенин «Азаттыктын» кабарчысына айткан. Алардын канчасы Казакстанга кайтып кеткени боюнча расмий так маалымат жок.

Ал эми Кыргызстанда калгандарга Токмок шаарында гуманитардык жардам уюштурулган. Активисттердин бири Руслан баштыктарга салынып, таңгакталган күрүч, макарон, нан жана башка азыктарды 10-февралда муктаждарга таратып берди:

«Негизинен аялдар жана балдар. Мүмкүн болсо, азык-түлүк, жалаяк керек болуп жатат. Макарон, күрүч сыяктуу кургак азыктар өтө зарыл. Аларга жардам иретинде берилген азыктарды биз баштыктарга бөлүп тараттык. Көбүнө жете элек. Эгер жардам берүүнү каалагандар болсо, күтөбүз».

Руслан жардамга муктаждар канча киши экенин санай электигин кошумчалады.


Гуманитардык жардам чогултуу Токмок шаарында, Ысык-Ата районунда жана Бишкек шаарында да уюштурулду.

Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.
Жарандар чогулткан гумжардам. Токмок шаары, 10-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эл аралык Кызыл жарым ай коому менен бирге Казакстандан өткөндөргө баш паанек кылчу жайларды ачкан.

Кызыл жарым ай коомунун өкүлү Азамат Баялинов азырынча аларга жардам сурап кайрылгандар боло электигин айтты:

«Кордайдагы башаламандыктан соң Кыргызстанга өткөндөрдүн дээрлик бардыгы жакындарынын үйүнө жана дунган диаспорасы уюштурган жерлерге жайгаштырылган. Абалга Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү көз салып жатат. Жардам керек болсо, даярбыз»,- деди Баялинов.

Жагдайга байланыштуу кыргыз-казак өкмөт аралык сүйлөшүүлөр болгону жөнүндө расмий маалыматтар азырынча жок.


8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, бир тобу жараат алган. Жарадар болгондордун арасында полиция кызматкерлери да бар. Үйлөр, имараттар өрттөлүп, Жамбыл облусунун бийлиги Кордай районуна өзгөчө кырдаал киргизген. Жаңжалдын так себеби дагы эле маалым эмес.

Казакстандын чыр чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан.

9-февралда Казакстандын вице-премьер-министри Бердибек Сапарбаев аймакка келип, кыйраган турак жайлар калыбына келтирилерин билдирген:

«Чагымга алдырбагыла. Жардам берилет. Биздин адистер зыянды тактап жатат. Кыргызстанга кеткен туугандарыңарга айткыла, үйлөрүнө кайтып келишсин»,- деди Сапарбаев.

Казак бийлиги «бейбаштыктын айынын чыккан мушташты улут аралык жаңжал кылып көрсөтүп жатат» деп «чагымчылдарды» күнөөлөдү.

Президент Касым-Жомарт Токаев «кан төгүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам, чагымчылдардын айынан болгонун» жазып, алар жазаланарын билдирди. 10-февралда мамлекет башчысы башкы прокурор Гизат Нурдаулетовду кабыл алып, Кордай районундагы жагдайды дыкат иликтөөнү тапшырды.

Кырдаалды курчутууга шек саналып 47 адам кармалып, алардан эки аңчылык мылтыгы алынган. Кийинчерээк кармалгандар коё берилгени, жагдайды териштирүү уланып жатканы айтылган. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коңшу өлкө чек арадан өтүп кеткен жарандардын арасында кылмышка шек саналгандар бар же жогу тууралуу Бишкекке кайрылган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG