Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Гаага: Апелляциялык сот Орусияны 50 млрд. долларлык айыпка жыкты


Михаил Ходорковский. 31-август, 2019-жыл.
Михаил Ходорковский. 31-август, 2019-жыл.

Ниддерланддарда жайгашкан Эл аралык апелляциялык сот Орусияны мурдагы ЮКОС компаниясынын акционерлерине 50 миллиард доллар кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.

Муну менен сот төрт жыл мурдагы Гааганын аймактык сотунун чечимин жокко чыгарды.

2014-жылы Абитраждык сот ЮКОСтун акционерлерине жана Орусиядан чыгып кеткен Михаил Ходорковскийге 50 миллиард доллар төлөп берүүнү милдеттендирген. Бирок 2016-жылы Гааганын аймактык соту Орусия «Эл аралык энергетикалык хартияны ратификация кылган эмес» деген негизде баштапкы соттун чечимин жокко чыгарган.

Апелляциялык соттун чечими Орусиянын мунай тармагындагы бараандуу компаниялардын бири жабылгандан 14 жыл өткөндөн кийин чыкты.

Эми Орусия Ниддерланддардын Жогорку сотуна арыздана алат.

ЮКОСтун негиздөөчүсү Михаил Ходорковский «салыктан качкан», «мамлекеттин мүлкүн уурдаган» деген айыптар менен эки ирет кесилип, жалпысынан 10 жыл түрмөдө отурган. 2013-жылы президент Путин ага ырайым берип, абактан бошонуп, Орусиядан чыгып кеткен.

Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедев 10 жыл түрмөдө отуруп, 2014-жылы эркиндикке чыккан.

14-январда Адам укуктары боюнча Европа соту Ходорковский менен Лебедевге каршы козголгон иште саясий жүйө болгон эмес, бирок аларга өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берилбей, сот адилеттиги бузулган деп тапкан.

XS
SM
MD
LG