Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты


Айпери Медет кызы.
Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдештин финалына жетти.

76 килограммга чейинки салмакта 7 балбан кыз эки тайпага бөлүнүп күрөшүүдө. 1/8 финалда Айпери Медет кызы өзбек балбаны Муслиха Моминованы 11:0 эсебинде жеңип, бирок чейрек финалда жапониялык Хирое Минагава Сузукиге утулуп калды. Тайпада экинчи орунду ээлегени үчүн Айпери жарым финалда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда казак кызы Элмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде жеңип алды.

Алтын байге үчүн эми Айпери чейрек финалдагы атаандашы Хирое Минагава Сузуки менен күч сынашат.

Бүгүн кыз-келиндер күрөшүнөн 59 килограммга чейинки салмакта Назира Марсбек кызы килемге чыгып, экинчи кармашында жеңилип мелдештен четтеди.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары Азат Салидинов (87 кг)​ менен Жоламан Шаршенбеков күмүш байгелердин ээси болсо, Роман Ким (130 кг), Ринат Ильяс уулу (77 кг) менен Руслан Царев (72 кг) коло медаль тагынды. (GT)

XS
SM
MD
LG