Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 20-февралда саат 21:51де болду.
Жер титирөө Ысык-Көл районунун Чок-Тал жана Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты жана Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 балл болуп сезилди.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)