Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Азия чемпионаты: Арсалан Будажапов алтын байге үчүн күрөшөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Будажапов 22-февралда эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдештин финалына жетти.

Будажапов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгачкы беттешинде Галимжан Эсербаевди 4:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык балбан Али Бахтияр Савадкоушини 3:1 эсеби менен утту.

Алтын байге үчүн эми ал индиялык Балиян Гоурав менен күч сынашат.

Бүгүн эркин күрөштөн 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмактарда байгелер ойнотулуп, үч кыргызстандын балбан коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алар Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг) жана Магомед Мусаев (97 кг).

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары эки күмүш, үч коло байге алышкан. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын, Айсулуу Тыныбекова коло медалын тагынды. Мелдеш 23-февралда аяктайт. (GT)

XS
SM
MD
LG