Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында коло байге алды


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында. 19-сентябрь, 2019-ж. Нур-Султан, Казакстан.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында. 19-сентябрь, 2019-ж. Нур-Султан, Казакстан.

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болду.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдеште жалпысынан эки беттеш өткөрдү. Алгач жапониялык Юкака Каваи менен беттешип, жеңилди. Ал таймашта 1:1 эсеби менен балбандардын күчү тең болуп, акыркы эки секундада жапон кызы беш упайлык ыкма жасоого үлгүрдү.

Каваи финалга чыккандыктан Тыныбековага коло байге үчүн күч сынашууга жол ачылды. Бул таймашта кыргыз балбаны индиялык Сонам Сонамини 11:0 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болду. Ушул салмакта Азия чемпиону жапониялык Юкака Каваи болсо, күмүш байгени казакстандык Аяаулым Касымова алды. Дагы бир коло байге монголиялык Номин Эрдене Пурвеге буюрду.

Айсулуу Тыныбекова жапониялык Юкака Каваини былтыр Астанада өткөн Дүйнө чемпионатында чейрек финалда жеңип алган.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет (2016, 2017 жана 2019-жылдары) Азия чемпиону болгон. Былтыр Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болуп, 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган. 2018-жылы өткөн Жайкы Азия оюндарынын чемпиону жана Кыргызстандагы эң көп стипендия алган спортчу.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандары эки күмүш, үч коло байге алышкан. Эртең, 22-февралда эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын байге ээлери аныкталат. Мелдеш 23-февралда аяктайт. (GT/ECh)

XS
SM
MD
LG