Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан. Алгачкы кармашында эле ал жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Бирок жапон балбаны Каваи финалга чыкканы үчүн Айсулуу Тыныбекова мелдештин коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коло байге үчүн беттеште Тыныбекова индиялык Сонам Сонам менен күч сынашат. Финалдык жана коло байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30да башталат.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин үч ирет (2016, 2017 жана 2019-жылдары) Азия чемпиону болгон. Былтыр Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болуп, 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган. 2018-жылы өткөн Жайкы Азия оюндарынын чемпиону жана Кыргызстандагы эң көп стипендия алган спортчу.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталып, ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Күн мурун кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбаны Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. (GT)

XS
SM
MD
LG