Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:57

HRW Иран бийлигин жоопкерчиликке чакырды


Ирандык аялдар талкаланган «Мелат» банкынын алдынан өтүп баратышат. 20-ноябрь, 2019-жыл.
Ирандык аялдар талкаланган «Мелат» банкынын алдынан өтүп баратышат. 20-ноябрь, 2019-жыл.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык уюму БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешин Ирандагы элдик толкундоодо коопсуздук күчтөрүнүн колунан өлгөндөргө көңүл бурууга чакырды. Былтыр Ирандын 100дөн ашуун шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү демонстранттарды «аёосуз баскан».

Ислам Республикасында өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизген чечимин жарыялаган соң 15-ноябрда нааразылык акциялары башталган. Демонстрациялар саясий өңүт алып, көчөгө чыккан жаштар жана карапайым адамдар бийликтин кетишин талап кылышкан.

HRWнын 25-февралдагы билдирүүсүндө «андан бери үч ай өтсө да Ирандын бийлиги демонстрацияларда өлгөндөр менен камалгандардын саны канча экенин билдире алган жок» деп айтылат.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун директорунун Жакынкы Чыгыш боюнча орун басары Майкл Пейж: «Ирандын бийлиги ондогон жылдар бою өз көз карашы бар адамдарды кысып келсе, эми элдик толкундоону аёосуз зордук-зомбулук менен басты», - деди.

Иранда өкмөткө каршы акцияда 208 адам жашоо менен кош айтышканын «Эл аралык мунапыс» уюму былтыр 2-декабрда билдирди. Батыш булактары курмандыктар мындан көп экенин кабарлашууда. «New York Times» 450 адам көз жумганын жазды. Миңдеген кишилер камакка алынган.

Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда беш киши каза таап, 180 адам кармалган.

XS
SM
MD
LG