Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Жээнбеков: ЕАЭБден алган пайдабыз андагы кемчиликтерди жаап жатат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин анын зыянынан пайдасын көп көргөнүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы ТАСС маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди.

Журналист бир катар мамлекеттер ЕАЭБге мүчө болуу маселесин талкуулап жатышканын, Кыргызстан беш жылдан бери бул уюмга мүчө болгон өлкө катары аларга кандай кеңеш бере аларына кызыккан. Ошондой эле «Расмий Бишкекти ЕАЭБ канааттандырабы? Сиздин көз карашыңызда эмнени өзгөртсө болот?» деп суроо берген.

«Биздин ЕАЭБге кирүү боюнча чечимибиз туура болгон. Биримдикке мүчө болуу боюнча чечимди кабыл алуу оор жана аны көп тараптуу караш керек. ЕАЭБге тигил же бул мамлекеттин кошулушу биримдиктеги беш мамлекеттин позициясынан да көз каранды. Мен биримдиктеги кемчиликтерди андан алган пайдабыз жаап жатканын ишенимдүү айта алам», - деди Жээнбеков.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Бирок бир катар жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык иретинде түшкөн каражаттын азайышын жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдө кыйынчылыктар көп болгонун айтып келишет.

5-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин курамындагы чоң мамлекеттер ортодогу негизги келишимди бузуп, бут тосуп жатканын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG