Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

5-март - Кыргызстанда Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-март кыргыздын улуттук баш кийиминин урматына жер-жерлерде салтанаттуу иш-чаралар уюштурулат. Айрым аймактарда Ак калпак күнү Кыргызстандын мамлекеттик желеги кабыл алынган күн менен чогуу белгиленди.

5-мартта Ак калпак күнүн белгилөө боюнча демилге 2011-жылы көтөрүлгөн. 2017-жылы Жогорку Кеңеш бул күндү Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган.

Былтыр Жогорку Кеңеште «Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун макамын берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору сунушталып, бирок колдоо тапкан эмес. Долбоордун авторлору кыргыздын улуттук баш кийими - калпакты мазактагандарды жазалоо зарыл экенин айтып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG