Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Беткапчан дүйнө

Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды.

Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө вирусту жугузуп алгандардын саны 137 миңден ашты. Баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты. Акыркы маалыматтар боюнча коңшу Казакстанда алты киши коронавирус жугузуп алганы маалым болду. Кыргызстанда 1 миң 545 киши жугуштуу вируска карата текшерүүдөн өтүп, алардан илдет аныкталган эмес. Ушу тапта дүйнөдө вирусту аба аркылуу жугузуп алгандан коркуп, беткап кийген адамдар көбөйдү. Кыргызстанда айрым дарыканаларда беткап жок, айрымдарында анын баасы 20 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG