Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 16:38

Өкмөт: Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган автоунааларга чектөө жок


«Ак-тилек автожол» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин телефон аркылуу эки өлкөнүн жарандарын жана товарларды чек арадан өткөрүү тартиби боюнча сүйлөштү.

Бул тууралуу 14-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушу тапта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок.

Соңку маалымат боюнча, Казакстанда алты кишиден коронавирус табылды. Коңшу өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда Казакстан менен чек ара жабылары тууралуу ар кандай маалыматтар тарап жатат. Ушундан улам ун тартыштыгы болору айтылып базарларда, дүкөндөрдө ун, кумшекер, суу май алган адамдар көбөйгөнү байкалды. Адамдар сөз болуп жаткан тамак-аштын баасы да көтөрүлгөнүн айтып жатышат.

Кыргыз өкмөтү азык-түлүктү массалык түрдө сатып алуу болуп, ага суроо-талаптын өскөнүн кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөндөрдүн аракети катары баалады. Өкмөт «Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн» деген сөздөр чындыкка дал келбесин билдирди. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG