Онкологиялык оорулуу аялдардан куралган «Жашоо үчүн бирге» аттуу чеберкана беткап тигип, сатып жатат. Ишкананын маалыматына караганда, аларга Асыл Мамбеталиев аттуу ишкер керектүү кездеме, жип-шуу сатып берген.
Онкопациенттер тиккен беткап алты кабаттуу. Жууп, кайра колдонууга ылайыктуу. Баасы 15 сом.
Бул беткаптар Бишкектеги айрым дүкөндөрдө, дарыканаларда жана «Coffee» кофеканасында сатылып жатат.
Кыргызстанда жылына 5 миңден ашуун кишиде өсмө (рак) оорусу аныкталса, алардын жарымынан көбү бир жылга жетпей каза табат.
Коронавирус илдети пайда болгондон кийин Кыргызстанда медициналык беткаптардын таңсыктыгы пайда болгон. Баасы үч сомдук бир жолу пайдаланылуучу беткаптар 5 эсеге чейин кымбаттаган. (ZKo)