Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Өкмөт: доллардын баасын 73 сом кылып кармайбыз (видео)


Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев 16-марттагы брифингде сомдун абалы жөнүндө да маалымат берди. Өкмөт башчы Улуттук банк менен сүйлөшүп, бийлик доллардын курсун 73 сомдон көтөрбөөгө аракет кыларын билдирди.

«Мунайдын баасын түшкөндүктөн, коңшу мамлекеттердин улуттук валюталарын түшүрүүгө мажбур болушту. Орусияда 10%, Казакстан 4,12% чейин түштү. Биз Улуттук банк менен сүйлөшүп, сомдун баасын 73 деп кабыл алдык. Ушул чекте кармайбыз», - деди өкмөт башчы.

10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттаган. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматтар боюнча бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулаган. Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Эртең менен 1 АКШ доллары коммерциялык банктарда 69,85-69,95 сомдун тегерегинде сатылып жаткан болсо, кечке маал 72,85-73 сом болгон. Учурда коммерциялык банктарда 1 доллар 73 сомдун тегерегинде болуп жатат. Бирок акча алмаштыруучу жайларда 73 сомдон ашып кеткен учурлар кездешүүдө.

XS
SM
MD
LG