Кыргыз өкмөтү азык-түлүктүн айрым зарыл түрлөрүнүн баасын үч ай бою тескөөнү чечти. Өкмөт буга күнүмдүк жашоодо зарыл болуп саналган, социалдык маанидеги азык-түлүк менен элди жеткиликтүү камсыз кылуу максатында барып жатат. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 16-мартта кол койду.
Чечимге ылайык, 16-марттан тартып үч ай бою ундун, нандын, сүттүн, суу майдын, каймак майдын, кумшекердин, күрүчтүн, макарондун, жумуртканын жана картошканын наркы тескелет. Монополияга каршы күрөш агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын максималдуу аныктоо тапшырылды.
Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргени боюнча, чечим Конституцияга жана жана «Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга ылайык, коронавирус коркунучунан улам дүйнөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.
Бир нече күн мурун Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, шекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалды пайдаланып, кызыл кулактык кылып жаткандар жазаланарын эскерткен. (ZKo)