Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

БУУнун Кыргызстандагы өкүлү оорудан сактанууда кайрымдуулукту унутпоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору коронавирус коркунучуна байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Озонниа Ожиело өз кайрылуусунда ар бир адамды оорудан сактанууга жана ошол эле учурда кайрымдуулукту да унутпоого чакырды.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу» деген сөзүн мисал келтирген Ожиело: «Ар бирибиз COVID-19 жөнүндө кабардар болуп, жеке гигиена боюнча тийиштүү чара көрүп, кыйынчылыктарды жеңгенге даяр туруп, кайрымдуу болуудан да эч качан жазбайлы. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгына болуп көрбөгөндөй кам көрүүгө мезгил жетти», - деп белгиледи.

Ошону менен катар ал «Бириккен Улуттар Уюмунун, өкмөттүн жана эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракети менен пандемияны жеңсе болорун, бирок ооруп калган адамды кордоону жана басмырлоону жеңиш үчүн ар бирибизден кайрымдуулук талап кылынарын» кошумчалады.

Кыргызстанда 20-мартка карата коронавирус жуккандардын саны алты адамга жетти. Сузак районунда өзгөчө абал жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG