Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Балыкчынын мэри өз ыктыяры менен кызматтан кетти


Марат Кудайбергенов.
Марат Кудайбергенов.

Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов кызмат ордун өз ыктыяры менен тапшырып берди. Тиешелүү буйрукка 11-мартта өкмөт башчы кол койгон.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урумбек Исмаиловдун билдиришинче, мэр 2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган шайлоого катышуу үчүн өз ыктыяры менен арыз жазган.

Бирок Марат Кудайбергеновдун кызматтан кетери 28-мартта гана белгилүү болду.

Маалымдай кетсек, Марат Кудайбергенов 2019-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрин шайлоодо “Замандаш” депутаттык фракциясынан талапкер катары 22 добуш алып, Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланган.

Кудайбергеновдун мэр болуп шайланышы бир топ сын пикирлер менен коштолгон. Анын атасы жана бир туугандары шаардык кеңеште депутат экени, алардын таасири менен мэр болгону тууралуу ойлор айтылган.

Былтыр май айында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусундагы иш сапары учурунда Балыкчынын мэрин жергиликтүү эл өкүлдөрү мыйзамдуу шайлаганын айткан.

Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде болмок. Балыкчы, Каракол, Майлуу-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышары кабарланган. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк президенттин жарлыгы менен убактылуу токтотулган. (KS)

XS
SM
MD
LG