Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Туугандуу жигит мэр болду


Марат Кудайбергенов.
Марат Кудайбергенов.

Балыкчылык депутаттар шаар башчылыкка Марат Кудайбергеновду шайлашты. Кудайбергенов ишенимдүү көпчүлүк добушка ээ болду. Бирок колдогондордун бир тобу анын туугандары экени билинди. Бул «Балыкчыда үй-бүлөлүк башкаруу орноду» деген дооматтарды жаратпай койгон жок.

Балыкчы жаш мэрлүү болду. 25 жаштагы Марат Кудайбергенов шаардык кеңештеги 22 депутаттын добушун алды. Анын атаандашы Мирбек Шакировду калган тогуз эл өкүлү колдогон.

Бирок бул шайлоо болгонунан да боло электе бир топ уу-дуу сөздөрдү жаратты. Буга чейин Кудайбергеновду Каракол шаарынын мэри, президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганынын кудасы экени айтылган Адыл Каниметов колдоп, кубаттап жатканы социалдык тармактарда жазылган.

Шаардык кеңештин биз менен сүйлөшкөн депутаттары ушундай сөздөрдү угушканын, бирок Каниметов тараптан өтүнүч түшпөгөнүн айтышты. Алардын бири Сайракан Мукамбетова. Бирок депутат айым жаңы мэрдин тууганчылык байланышын тизмектеп, үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу чочулоосун айтты:

«Атасы - (Сагын Кудайбергенов) депутат, «Замандаш» фракциясынын лидери. Атасынын бир тууганы да «Замандаштан» депутат. Аталаш агаларынын дагы бири депутат. Төрага кудасы, «Кыргызстандан». Бала жаш. Балким иштей турган кадр чыгаар. Бирок айланып келип эле үй-бүлөлүк башкаруунун таасири тийип атпайбы. Буга чейин аны азабын тартып келгенбиз, азыр да тартып жатабыз».

Марат Кудайбергеновдун агасынын кудасы экени сөз болгон шаардык кеңештин спикери Канат Сартбаевге чалып, буга чейин мамлекеттик жетекчилик кызматта дурустап иштебеген жигитти кандай критерийлер менен тандашканын суроого аракет кылдык.

«Мен азыр жооп бере албайм. Бир аздан кийин чалайын, азыр кишилер бар эле», - деди ал. Бир аздан кийин өзү чалган жок. Бир нече жолу байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Түш оой ушул эле жөнөкөй суроо менен депутат, жаңы шайланган мэрдин агасы Жыргал Кудайбергеновго кайрылдык. Ал телефонун алды, учурашты. Бирок «Азаттыктан» экенибизди айтып суроо бергенде жооп берууну каалаган жок.

«Азыр мен куран окуткан жерде элем», - деди да телефонун өчүрдү.

Жардамчы жана бажа

Марат Кудайбергенов 1993-жылы Балыкчы шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Финансы жана кредит» факультетинде окуган. Окуудан мурда ишкерлик менен алектенип, 18 жашында жогоруда кеп болгон агасы Жыргал Кудайбергенов менен бирге курулуш салууга багытталган «Алыш Сервис» ЖЧКсын негиздеген экен.

Бирок өкмөттүк «Ачык бюджет» порталында бул компания 2011-жылы түптөлсө да 2014-жылдын июль айынан тартып гана салык төлөй баштаганы көрсөтүлгөн. 2018-жылдын мартына чейин бул компаниядан 111 миң сом салык түшүптүр. Ошол эле маалда «Алыш Сервис» ЖЧКсы 2013-2014-жылдары мамлекеттик бюджеттен 770 миң сом алганы көрсөтүлгөн.

2017-жылы Марат Кудайбергенов айдап жүргөн, айнеги караңгылатылган «Лексус 570» автоунаасы токтотулган. Бирок жол сакчыларына баш бербей, андагы видео маалымат каражаттарына да жарыяланып кеткен.

Кудайбергенов өзүн парламент депутатынын жардамчысы катары тааныштырган. Бирок кайсы депутатка жардам берип жатканын тактаган эмес. Кийинчерээк парламентке кыска убакыт депутат болуп, 2016-жылдын февралында эле мандатынан ажыраган Урмат
Ишенбековго
жардамчы болуп иштегени билинди.

Кудайбергенов ошондой эле Оштун азыркы облус башчысы Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көлдү жетектеп турганда жарым жылдан ашуун ага да жардамчы болгон. Өткөн жылдын күзүндө болочок мэр Жылкыбаевдин аялынын бир тууган сиңдисине үйлөнгөн.

2019-жылдан тартып президенттин Чолпон-Атадагы резиденциясында маркетинг жана уюштуруу бөлүмүн башкарып жаткан.

Балыкчы шаарында 45 миңдей киши жашайт. Мурдагы мэр Алмаз Мамбетов бир ай мурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине дайындалган. Мамбетов Балыкчыда жүргөндө өзүнөн мурдагы мэрди оозго алгыс сөздөр менен опузалаганы үчүн «сөгүнчөөк аткаминер» катары таанылган жайы бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG