Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Таласта мэр менен депутаттар тирешти


Талас
Талас

Талас шаарынын мэрин "чарбакер эмес" деп эсептеген шаардык кеңештин депутаттары соцтармактар аркылуу элдин пикирин топтоп жатышат.

Талас шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Адылбек Жусупбеков калаа башчы Айдар Жузупбековдун ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылып жатып, шаардын мэри депутаттардын ишенимин актаган жок деп билдирди:

- Депутаттардын арасынан эң тажрыйбалуусу, көйгөйдү билгени ушул адам болчу. Себеби, буга чейин муниципиалдык кызматты жетектеген, бир эмес эки чакырылышта шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеген. Башка депутаттарда мындай тажрыйба жок эле. Ошонусуна карап, биз Айдарбек Жапаровичке ишеним көрсөткөнбүз. Бирок биздин үмүтүбүздү актай алган жок. Бул жөн эле депутаттардын арасындагы саясат же болбосо саясий буйрук эместигин тастыкташ үчүн эл алдына, "Фейсбукка" «ким Талас шаарынын мэрин кызматтан кетирүүгө макул» деп атайын сурамжылоо чыгарганбыз. Өзүңөр көрүп жатасыңар, 80 пайыздан ашык жөнөкөй шаар тургундары ага каршы добушун берип жатышат. Бул жеке гана депутаттардын демилгеси эмес, бул Талас шаарынын тургундарынын талабы.

Талас шаары.
Талас шаары.

​Айдар Жузупбековдун мэр болушуна башынан эле каршы чыккан «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын депутаты Тимур Жумабеков мэрди «инвестиция тартып келе албайт», «жазган долбоорлору өтпөйт» деп сындады. Ал бир эле мисал катары шаар үчүн Жерүйдөн былтыр бөлүнгөн 43 миллион сомдун ушул күнгө чейин пайдаланылбай жатканына токтолду:

- 43 миллион сомду мэр эки жылдан бери пайдалана албай жатат. Долбоорлору чийки. Таштанды ташыган бир автоунаа, шаардын тазалыгы үчүн суу чачуучу эки техника сатып алуу боюнча былтыр сентябрь айынан бери беш жолу тендер өттү. Кандайдыр бир себептер менен ушул үч техниканы сатып алалбай жатат. Польшадан алып келинген туялар боюнча прокуратура тарабынан текшерүү жүрүп, 10 миң сом айыпка жыгылды. Эми биздин мэрдин иштей албай жатканы ушу менен эле ырасталып турат. Мен ойлойм, мэр деген Таласка инвестиция бөлдүрүп келгенге аракет жасашы керек эле. Андай бир дагы аракети жок. Жада калса Жогорку Кеңештегилер «силерде мэр деген барбы?» деп сурап калышат. Башка жактын мэрлери Жогорку Кеңештен чыкпайт дешет.

Ал эми мэр Айдар Жузупбеков депутаттардын нааразылыгын негизсиз деп сыпаттап, татыктуу иштеп жатканын айтты:

Айдар Жузупбеков.
Айдар Жузупбеков.

- Аларга менин кызматым керек. Депутаттар үч-төрт күн мурун 19 кишини чогултуп алып, Куран карматышып, сессия уюштурганга даярданышкан экен. Бирок 21 депутатты чогулта албай коюшту. Менин да депутаттардын ичинде командам бар. Ошон үчүн чогула албай жатышат да. Колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз. Шаарда жумуш токтогон жок.

Саясат менен иши жок карапайым шаардыктар болсо мэрдин ишине байланыштуу ар башка көз карашта:

- Талас шаарынын мэри өтө жакшы эмес, орто иштеп жатат десек болот. Оторбаев менен Киров көчөсү оңдолуп бүтө элек. Керектүү жолдор каралбай, керексиз жолдор оңдолуп жатат, - деди Кайрат Туратбеков аттуу тургун. ​

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Эсенкулов болсо шаарды жашылдандыруу-көрктөндүрүү жана тазалоо иштери облус жетекчисинин аркасы менен ишке ашып жатат деген ойдо:

- Талас шаарынын мэри өзүнүн чарба иштерин толук кандуу аткарбай жатат. Чынын айтканда, Талас шаарында жүрүп жаткан олуттуу иштерге азыркы облус жетекчиси Марат Молдонович аралашып, мэрдин кызматын аткарып жүрөт. Мэр жетекчи катары эрктүү эмес.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары мэр шайлоо боюнча буга чейин эки жолу мунаса тапкан эмес. Айдар Жузупбеков 2017-жылдын март айында үч жолку шайлоодон кийин гана кызматка келген. Анын талапкерлигин кеңештеги «Республика Ата-Журт» фракциясы сунуштаган. Азыркы тапта шаардык кеңештин депутаттары мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым болду. Мэр кызматына кийинки талапкердикке Талас шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Эсенкуловдун аты аталууда.

Беш партиядан турган шаардык кеңеште жалпысынан 31 депутат бар. КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары биригип "Ынтымак" коалициясын түзгөн, "Айкөл" фракциясы оппозицияда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG