Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Дарыгерлердин экинчи тобу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына жөнөп кетти


Коронавирус көп катталган облустарга жөнөгөн доктурлардын экинчи бригадасы. 30.03.2020
Коронавирус көп катталган облустарга жөнөгөн доктурлардын экинчи бригадасы. 30.03.2020

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барып иштөө ниетин билдирген дарыгерлердин экинчи тобу Бишкектен жөнөп кетти. Бул тууралуу 30-мартта Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алар аталган облустардагы эпидемияга каршы жана дарылоо иш-чараларына катышат.

Дарыгерлер бригадасы жеке коргонуу жана тамактануу үчүн зарыл каражаттар менен камсыз болду. Аларга кошумча айлык төлөнүп берилет.

Экинчи топтун курамына тогуз дарыгер кирди. Алар Кардиология жана терапия улуттук борборунун, Улуттук госпиталдын, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын, Медицина академиясынын кафедрасынын, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жана №1 шаардык оорукананын кызматкерлери.

14 күн бою алар илдетке чалдыккандарды текшерет. Андан кийин 14 күн карантинде болот.

25-мартта Жалал-Абад облусуна Бишкектен сегиз доктурдан турган бригада барган.

18-29-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 84кө жетти. Алардын көбү республиканын түштүк аймактарында. (RK)

XS
SM
MD
LG