Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Коронавирус боюнча кырдаал өзгөрбөсө өзгөчө абал узарышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун 30-мартта билдиргенине караганда коронавирусту жайылтпаш үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Ал үчүн элдин колдоосу жана жоопкерчилиги маанилүү. Ошондой эле Боронов, эгер, илдетти жугузгандар азайбаса өзгөчө абал режимин узартуу маселеси каралашы мүмкүн экенин белгиледи.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, көзөмөл күчөтүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG