Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына 1000 доллардан берилет


Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 миллион сум ($ 1000) өлчөмүндө сый акы берилет. Тиешелүү токтомго президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Документ Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларын жана майыптарын материалдык жактан колдоо иретинде кабыл алынган.

Былтыр Өзбекстанда согуш ардагерлерине 7,5 миллион ($750), 2018-жылы 5 миллион ($500), 2017-жылы 2 миллион сум ($200) берилген.

Ушул тапта канча ардагер көзү тирүү экени расмий түрдө айтыла элек. 2019-жылы алардын саны 878 киши болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Өзбекстандан 1,5 миллион киши майданга кеткен, алардын ичинен 420 миңи кайтып келген эмес, 640 миңи жаракат алган.

XS
SM
MD
LG