Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Ысык-Көл: Обсервация жайынын терезелери талкаланды


«Маяк» лагери. 1-апрель, 2020-жыл.
«Маяк» лагери. 1-апрель, 2020-жыл.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда жергиликтүү милиция коронавируска байланыштуу обсервацияга адамдар жаткырылган жайдагы окуяны териштирип жатат.

1-апрелге караган түнү райондун Ысык-Көл айылындагы (мурдагы Маяк) «Маяк» балдар лагерине белгисиз бирөөлөр келип, терезелерди талкалап кетишкен. Баштапкы маалыматка караганда, алар бул жерде обсервация болушуна каршы чыгышкан.

Буга чейин ушул айылдын эли Байзак жана Түп айылдарынан райондук ооруканага жаткырылган эки дааватчынын үй-бүлөсүн киргизбей койгону айтылган. Жергиликтүү бийлик «аларды балдар лагерине жаткырабыз» деген.

31-мартка карата облус боюнча 96 адам обсервацияда экени кабарланган.

Ысык-Көл айылында үй карантин эрежесин сактабаган сегиз адам милдеттүү түрдө обсервацияга алынганын республикалык штаб билдирген. Алар чет өлкөлөрдөн (Орусия, Түркия) кайтып келген жана үй карантининин шарттарын бузган.

18-31-мартта Кыргызстанда коронавируска 107 адам чалдыкты, алардын үчөө айыгып кетти. 107 адамдын экөө Ысык-Көл облусунда. (KS)

XS
SM
MD
LG