Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Вице-премьер Өмүрбекова менен министр Чолпонбаев иштен алынды


Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан бошотулду. Буга байланышкан жарлыкты президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде чыгарды. Жарлыкта Өмүрбекова менен Чолпонбаев өз арызынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулганы белгиленген.

31-мартта өткөн Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылган.

Премьер-министр бошогон кызмат орундарына жаңы талапкерлерди Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда көрсөтөрү айтылууда.

31-мартта Кыргызстанда жаңы 13 учур катталып, COVID-19 вирусун жугузгандардын жалпы саны 107ге жетти. 18-марттан баштап өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап айрым аймактарга өзгөчө абал жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG