Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

Казакстанда коронавирустан үчүнчү бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Караганды шаарында 62 жаштагы тургун өпкөнү сезгенткен вирустан каза болду. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ал буга чейин Темиртау шаарында иштеп жүргөнүн, ооруканага оор абалда 30-мартта келип түшкөнүн, ага чейин медициналык жардам сурап кайрылбаганын кабарлады. Буга чейин Нур-Султан шаарында 50 жаштагы бейтап, Акмоло облусунун 64 жаштагы бир тургуну да бул оорудан көз жумган.

Соңку бир күн ичинде Казакстанда коронавирус дагы 15 адамдан табылды, ошентип ооругандардын саны 396 киши болду. Алардын басымдуу бөлүгү - Нур-Султан жана Алматы шаарларынын тургундары.

Саламаттык сактоо министрлиги 24 бейтап айыкканын билдирди.

Казакстанда 16-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган жана бир катар ири шаарлар карантинге жабылган.

XS
SM
MD
LG