Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Президент Жээнбеков: Дарыгерлер мындан ары да мамлекеттин коргоосунда болот


Президен С. Жээнбеков менен саламаттык сактоо министри С. Абдыкаримов. 9-апрель, 2020-жыл.
Президен С. Жээнбеков менен саламаттык сактоо министри С. Абдыкаримов. 9-апрель, 2020-жыл.

Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алган кезде билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курчуп турган учурдагы медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгилеп, коронавирус менен күрөшүп жаткан бардык медициналык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков мындан тышкары дарыгерлерди коргоо каражаттары менен камсыздоону тапшырып, медициналык кызматкерлер мындан ары да мамлекеттин коргоосуна алынарын кошумчалады.

Президент Жээнбеков министр Абдикаримов менен өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирустун жайылуусуна жол бербөө аракеттери тууралуу сүйлөштү. Ал илдет көп катталган аймактарда санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Саламаттык сактоо министри өз кезегинде учурда коронавируска каршы жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Абдикаримов президентке маалымдагандай, учурда медициналык мекемелер бардык зарыл каражаттар менен жабдылган, жеке коопсуздук жабдуулары жана жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүү. Лабораторияларда ооруну аныктоочу тест-системалар да толук.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргыз өкмөтү медицина кызматкерлеринин өзгөчө абалда иштешин жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалып жатканын кабарлаган. Анда өзгөчө абал учурунда иштеген дарыгердин айлык акысы, эгер ооруну жугузуп алса же ошол илдеттен каза тапса төлөнө турган жөлөкпулдун өлчөмү жазылат. Мыйзам долбоорун парламент дароо үч окууда карап, кабыл алып бергени жатканы айтылган.

Жарандык көзөмөл комитети аталган мыйзамды тезинен карап, кабыл алууну талап кылууда. Комитет 7-апрелде бул тууралуу билдирүү таратып, өмүрүн тобокелге салып иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Анда медицина кызматкерлеринин өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринде иштөө укугун жөнгө салуу, алардын ден соолугу жана өмүрү мамлекет тарабынан кепилдикке алынып, корголуусу тийиштиги жазылган жаңы мыйзам долбоору иштелип чыкканы айтылат.

9-апрелде Кыргызстанда СOVID-19 вирусу жуккандардын саны 280 адамга жетти. Алардын ичинен 34ү медициналык кызматкерлер.

25 адам илдеттен айыкты. Беш адамдын абалы оор. Төрт адам каза болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG