Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Ош: Коронавирус жуккан кош бойлуу келин дарыгердин көзөмөлүндө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында коронавирус жуккан кош бойлуу келин толгоосу башталса перинаталдык борборго которулат. Бул тууралуу 10-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жана Оштогу перинаталдык борбордо коронавируска байланыштуу атайын обсервация бөлүмдөрү ачылып, даяр турат. Ошто 30 орун даяр. Эгер вирус жукканы аныкталган кош бойлуу келиндер болсо, баары ошол жакка жаткырылат. Медицина кызматкерлери ооруну өзүнө жугузуп албашы үчүн атайын даярдыктан өттү.

Каратаев ««Кардио Азия» медициналык борборунда жаткан келин тууралуу билебиз. Аныкы 37 жума. Эгер төрөтү башталса перинаталдык борбордун обсервациясына жаткырабыз» деди.

Кыргызстанда 10-апрелге карата COVID-19 вирусу 298 адамдан (154 аял, 144 эркек) табылды, алардын бешөө каза тапты. Оору жуккандардын эң көбү Ош облусунда – 98 адам. Жалал-Абад облусунда 89, Чүй облусунда 15, Баткен облусунда 4, Ош шаарында 36, Бишкекте 42, Нарын облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 4 адам.

Ооруга чалдыккандардын 39у медицина кызматкерлери. (RK)

XS
SM
MD
LG