Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Акыйкатчы: 8-марттагы окуя боюнча эки милиционер жазаланмай болду


2020-жылдын 8-марты. Марштын катышуучуларын милиция кармап кетип баратат. Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 8-марттагы окуядан кийин кармалгандарга Акыйкатчынын жана Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрүн жолотпой койгон эки милиционерге чара көрүлмөй болду. Бул тууралуу 10-апрелде мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аларды тынчтык маршынын 70тей катышуучусу кармалып турган имаратка киргизбей койгону айтылат.

Райондук прокуратура акыйкатчыга жөнөткөн жообунда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы эки мекеменин өкүлдөрүнүн милициянын имаратына киришине жолтоо болгону жана орой мамиле кылганы үчүн кезмет бөлүмүнүн эки кызматкерине сөгүш жарыялоо боюнча сунуш бергени айтылат.

Быйыл 8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок калпак жана беткап кийген эркектер тобу келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин кармалгандар коё берилген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG