Депутат Максат Сабиров: Бүгүн популисттик сөздөр айтылды. “Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны үч ай төлөбөй койсо болот, кийин төлөйсүңөр”, - дешти. Үч айдан кийин карапайым эл кайсы акчасын берет? Элге жардам бергенибиз ушулбу? Эң коркунучтуусу – 83 дарыгер коронавирусту жуктуруптур. 6 миллион калк үчүн бул өтө коркунучтуу сан. Буга олуттуу мамиле жасаш керек.
Депутат Мирлан Жээнчороев: Ишсиз калган 17 миң киши көчөгө чыкса, милиция аларды токтото албайт. Эл ачка болсо, милиция да ачка калат. Жумуш орундарын 70-80 пайызга чейин сактап калган ишканаларды 31-декабрга чейин салыктан бошотуу зарыл. Агрокредиттер аманатсыз бериле башташы керек. Эл талаа иштери менен алек болууга тийиш. Күзүндө эл эмне менен оокат кылат?
Депутат Мирлан Жээнчороев: Коом алдында кечирим суратуу – бул мыйзамсыз. Айрымдар өзүнүн билим деңгээлине жараша сүйлөй берет. Аларды мыйзам түрүндө тарбиялаш керек. Кечээ постто турган милиция кызматкерлери бир кызды видеого тартып чыгарышты. Дарыгерлер ыза болуп турганда аларды кечирим суратканыңарды да токтоткула. Бул – ыйгарым укуктардан аша чабуу. “Ушундай видеону чыгаргандар жоопко тартылат” деп жарыялагыла. Мындай практиканы токтоткула. Ошондой эле дарыгерлер ооруну кантип жуктурду деп териштиргенди, аларды кемсинткенди да токтоткула. Дарыгер оору калдыбы – ошол замат кенемтени төлөп бергиле. Жада калса, кенемтенин суммасын да көбөйтүш керек.
Депутат Наталья Никитенко: Чет өлкөлөрдө калган мигранттарды алып келүү маселесин чечиш керек. Алар бизден конкреттүү жооп күтүүдө. Эгерде мигранттарды Кыргызстанга кайтаруу мүмкүн болбой жатса, анда так жооп бериш керек. Түркияда вирус кенен жайылууда. Бул жагдай мекендештерибизди тынчсыздандырууда. Эмне үчүн чартердик рейсти уюштурууга болбойт? Казакстан Тайланддан өз жарандарын алып кетүүдө. Өзүңөр билгендей, Москвада калган мигранттардын маселеси өтө оор. Албетте диаспоралар, мекендештер аларга жардам берүүдө, бирок алардын да акчасы түгөнүп баратат.