Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:40

Сеул: Түндүк Корея бир нече канаттуу ракета учурду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде ракеталар Жапония менен Корей жарым аралынын ортосундагы деңизге түшкөн. Ракеталар өлкө чыгышындагы Кангвон провинциясынан учурулган.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери Пхеньян бир нече ирет ракеталарын сынады. Март айында учурулган ракета Токиодон анча алыс эмес жерге кулаган.

Расмий маалыматтар боюнча Түндүк Кореяда коронавирус жугузуп алгандар жок. Бирок бир катар адистер Ким Чен Ындын мындай маалыматтарынан күмөн санашат.

XS
SM
MD
LG