Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

15-апрель: Коронавирус 19 адамдан табылды, алардын 15и дарыгер (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 15-апрелге карата соңку бир суткада 19 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 449 адам болду. Булардын ичинен беш бейтап каза болгону мурда кабарланган.

Мекеменин маалыматына караганда, соңку бир суткада жети бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан сакайып кеткендердин саны 78 киши.

Оору жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 98 адамга жетти. Алардын 15инен (Бишкек – 3, Ош облусу – 2, Ош шаары -10) бул илдет акыркы бир сутка ичинде аныкталды.

Республика боюнча оору жуккан 449 адамдын арасынан:

Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 130
Ош шаарында – 71
Чүй облусунда – 28
Бишкек шаарында – 82
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6 киши катталган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG