Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:36

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Депутат Бактыбек Сыдыков: Өкмөттү эч ким иштеген жок деген жок. Чет өлкөлөрдө калган мигранттарды алып келе албасак, анда ошол жерде шарт түзүп берели да. Азыр жардам беребесек качан жардам беребиз? Ошондой эле ыктыярчылар коом түзүп, жардам берели деп жатат. Аларды посттордон өткөрүү маселесин чечип берсеңер.

Депутат Иса Өмүркулов: Жалпыга маалымат каражаттары аркылуу элге так маалымат жетпей жатат. Ошон үчүн фейктер, жалган маалыматтар чыгып атат. Фондго 123 миллион сом түшкөн экен, ошону тизмелеп жазып берсеңер, канча акча эмнеге жумшалды. “Ичип алды, жеп алды” дебей, күнөөлөбөй, бири-бирибизге душман болбойлу. Медиктердин көп ооруп жатканы да жакшы эмес.

Депутат Дастан Бекешев: Кээ бир жарандар такси болуп иштеп жатат. Алар акчасы бүткөн үчүн чыгып жатышат. Тамакты, курулуш материалдарын жеткирүүгө киргизилген чектөөнү алып салбайсыңарбы. Уханда ушундай абалда такси иштеген. Бардык санитарык шарттарды сактаса, эмнеге иштегенге болбосун?

Президент Сооронбай Жээнбеков: Вирустун туу чокусу Кыргызстанда апрелдин экинчи жарымына туура келет деген божомол бар. Кошуна өлкөлөр өзгөчө абалды узартып жатат. Мен бардык тараптан так маалымат алдым. Бул маселени фракция лидерлери менен талкууладык, адистер менен кеңештим.

Өзгөчө абал - учурдагы кырдаалда эң туура чечим. Адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн баарына барабыз. Вакцина жок. Вирус менен күрөштө жалгыз гана курал – санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо. Өзгөчө абалды алып салсак дарыгерлердин, өкмөттүн, коомдун жалпы аракети текке кетет. Ыңгайсыздыктарга карабай өзгөчө абал - бул зарыл кадам. Ошол себептен бул жарлыкка кол койдум.

Өзгөчө абалды узартуу оңой болгон жок. Күнүмдүк акча менен жашап жаткандар тууралуу толук кабарым бар. Таразанын бир жагында адамдардын өмүрү, экинчи жагында экономика турат. Президент катары мен үчүн ар бир адамдын ден соолугу кымбат. Эгерде мындай чечимди кабыл албасак кесепети оор болушу мүмкүн. Пенсиялар, жөлөкпул өз убагында берилет. Башка өлкөлөрдөгүдөй бизде коопсуздук жаздыгы болгон эмес. Ошон үчүн башка өлкөлөр менен жардам тууралуу сүйлөшүп жатабыз.

Ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок ушул кырдаалдан чыгабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG