Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Жогорку Кеңеш айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону тапшырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин биргелешкен отуруму иштеп чыгып, сунуш кылган токтомду парламент 15-апрель күнү жалпы отурумунда карап, кабыл алды.

Токтомго ылайык, парламент өкмөттү жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, коронавирустун жайылып кетишинин алдын алууда иштеп жаткан медицина, күч, өзгөчө кырдаалдар кызматкерлеринин коопсуздугун сактоого жана аларга бөлүнгөн сый акы, кенемте акыларын төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мындан тышкары Башкы прокуратурага кызматтан бошотулган саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана «өз учурунда зарыл каражаттарды сатып алууга каржы бөлбөгөн» финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын, дарыгерлерге жасаган басымы үчүн УКМК жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталды. Токтомго ылайык, башкы көзөмөл органына коронавирустун жайылып кетишине жол берген бардык тараптардын, анын ичинде өкмөт башчынын да жоопкерчилигин кароо тууралуу сунуш киргизилди.

Жогорку Кеңеш чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума убакыт берди. Бул тууралуу парламент 15-апрелдеги отурумда кабыл алган токтомдо айтылат.

Ошондой эле токтомдо өкмөткө чет мамлекеттерде калган кыргызстандык жарандарга жардам берүү, алардын укуктарын коргоонун үстүндө иштөө тапшырылды. Пандемияга байланыштуу чет жакта калууга аргасыз болуп жаткан кыргызстандыктарды колдош үчүн бюджеттен акча бөлүү милдеттендирилди.

Аткарылган иштер тууралуу өкмөт ар бейшембиде парламентке келип маалымат берүүгө тийиш.

Депутат Жанарбек Акаев: Мына, жок, эч кандай кагаз! Иштебей жатасыңар. Өкмөттүн ушул кырдаалда кылган бир гана иши – Интернетте сөгүнгөндөрдү кармап, жазалоо гана болуп калды. Башка эч кандай иш кылган жоксуңар. Бир жума дебей, бир ай десек иштебей коёсуңар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG