Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов: Кыргызстанда вирусологдор жетишсиз, болгону 22 адис бар. Тогуз лаборатория иштеп жатат. Айлык акынын аздыгынан жаштар бул жумушта иштегиси келбейт, негизинен орто жаштагы же пенсия курагындагы адамдар иштешет. Биз айла кеткенде медициналык билим берүүчү окуу жайларынын мугалимдерин, 6-курстун студенттерин тартууга аргасыз болдук.

Депутат Исхак Масалиев: Мындай оор кырдаалда машине, кызмат сапарлары жана башка чыгашалардан баш тартып тура алабыз. Айлык акыдан башкасын чектеп туруңуздар.

Депутат Зиядин Жамалдинов: Эмне үчүн “Кумтөр” ушундай кырдаалда акча бербейт? Мобилдик компаниялар 30-апрелге чейин акысыз сүйлөшүүгө уруксат бербейби? Кыргыз эли үйдө камалып калды, жок дегенде телефондон сүйлөшүп турсун. Шарт түзүп берсин. Ооруган дарыгерлерге иликтөө үчүн комиссиянын эмне кереги бар? Эртең дарыгерлер ишке чыкпай койсо болот?

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG