Депутат Искак Масалиев: Өкмөт кечкиге чейин кагаз түрүндө маалымат берсин: Ушундан бери коронавируска каршы кайсы каражатты иштетти? Фонддордон, башка өлкөлөрдөн канча карыз алдык? Кагаз түрүндө кол коюп жазып бергиле. Азыр жөн эле угуп койгон болбойт.
Депутат Садык Шер-Нияз: Бул жарлыкты жөн эле кабыл алып коюуга болбойт. Учурда кандай кыйынчылыктар бар? Абал оорлошуп кетсе эмне болот? Премьер-министр бул жакка келсин, бизге отчет берсин.
10:27. Жогорку Кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков келди.