Депутат Улугбек Ормонов: Чет өлкөлөрдө кала берген мекендештердин маселесин диаспорага жүктөп коюп туура эмес. Аларга бир маал гана тамак берилип жаткан экен. Бул үчүн акча бөлүп бергиле.
Чет өлкөдөгү жарандарды кайтаруу 2020-жылдын февраль айында Кытайдын Ухань шаарынан студенттерди алып келүү менен башталган. Ошондон бери Египет, Малайзия, Сауд Арабиясы, Түркия, Таиланд, Иран, Индия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 6 миңден ашуун кыргызстандыктар мекенине кайтарылып келген. Мындан тышкары Иранда калып калган айдоочулар өз машинелери менен Кыргызстанга жеткирилген.
Учурда Кыргызстанга 4371 жаран келе албай турат. Орусия, Украина, Беларус жана башка шериктеш өлкөлөрдө бүгүнкү күнү 2880 адам мекенине кайткысы келерин билдирип турат. Мындан тышкары Түркияда 487, Бириккен Араб Эмираттарында 350, Пакистанда 135 кыргыз жараны бар. Индиядан 121 кыргызстандык, Мальдив, Шри-Ланка, Таиланд, Бали, Индонезия, Белгия, Франция сыяктуу мамлекеттерде да мекенине кайтууну көздөп турган кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 15-апрелде парламентте билдирди.
Депутат Таабалды Тиллаев: Кошуна өлкөлөр коронавируска каршы деп чек араларды казып жатат. Аларды мурда турган абалына кайтаргыла. Болбосо эртең бул чоң баш оору болот. Мындан тышкары, Баткен облусу алыста жайгашкан аймак. Азыр жазгы талаа иштери башталды. Дыйкандар техника жагынан кыйналып жатат. Тетик алыш үчүн Бишкекке же Ошко барышы керек.
Депутат Жылдыз Мусабекова: Шарты оор, алыста жашаган Ат-Башынын райондук ооруканасы коронавирус менен күрөшүүгө даярбы? Дарыгерлер жетишсиз. Карантин деп карап отурбай шарты бар, айылды аралап, текшерген мобилдик машине керек. Ат-Башыда оорулардын алдын алуу борбору бар, 1984-жылы курулган, ал азыр авариялык абалда турат. Эпидемия күчөп кетсе эмне кылабыз?